"Кастанье" мрамор оникси кени

Википедия дан

"Кастанье" мрамор оникси кени Нарын районунда, Нарын шаарынан 4–5 км батышта, Аламышык тоосунун түндүк капталында. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон акиташ теги түзөт. Оникс кооз ташы карст процессинен пайда болгон табигый үңкүрдө – Аламышык үңкүрүндө жайгашкан. Үңкүр эңкейиш тартып 163 мге созулат. Туурасы 4 мге, бийиктиги 2,5 мге жетет. Оозу бир аз кичирээк (0,7х1,5 м). Мындагы оникс жайгашуусу боюнча 3 түргө бөлүнөт: 1) чокмороктошкон кыртыш түрүндө болуп, ал калыңдыгы 20 ммге чейинки күрөң, ачык күрөң, жездей сары жана ак кабатчалардан турат. Оникстин бул түрү кеңири таралган. Блоктуулугу 25х20х20 см; 2) сталактит-сталагмит кыртышы түрүндө болуп, үңкүрдүн оозунан 40 м ары жагында кездешет. Жездей сары, күрөң, ак түстөрдөгү тегерекчелерден турат. Аппак кальциттин майда тарамчалары учурайт. Блоктуулугу 15х15х15 см; 3) кораллит кыртышы түрүндө, бирок аз, негизинен үңкүрдүн орто ченинде кезигет. Жара кескенде кочкул кызыл, күңүрт күрөң, күрөң, ак, жездей сары түстөрдүн кооз тегерекчелеринен турат. Блоктуулугу 10х5х5 см. Оникстин бардык түрү өтө кооз, жакшы сайкалданат. Запасы 20 м3. Таштан кооз зергерлик буюмдарды жасаса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]