"Күнөөсүз күнөөлүүлөр"(пьеса )

Википедия дан

«Күнөөсүз күнөөлүүлөр» - А.Н.Островскийдин (1881-1883) пьесасы, мелодраманын классикалык үлгүсү. Бул пьесага байланыштуу жанр ичиндеги синтез жөнүндө сөз кылуу мыйзам ченемдүү, анткени спектаклдин түзүлүшү комедиянын, реалисттик турмуштук жана психологиялык драманын өзгөчөлүктөрүн айкалыштырат. Бирок, ошого карабастан, пьесада негизги мелодрамалык көрүнүш бар: биринчиден, бардык иш-аракеттер «азаптануучу "каармандын айланасында өнүккөн сюжет; мотивдери - бактысыз эне, баланын өлүмү жана сүйүктүү адамынын чыккынчылыгы. Экинчиден, бул мелодрамага мүнөздүү: фамилиялардын өзгөрүшү (1-актыда каармандын аты Любовь Ивановна Отрадина, 2-актыда анын аты-жөнү Елена Ивановна Кручинина). Албетте, Островскийге мүнөздүү болгон сүйлөөчү ысымдар : отрада - кубаныч жана кручина- кайгы. Үчүнчүдөн, бактылуу аякталуу.

Жазылуу тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Островский чыгарманын үстүндө 1881-жылдын жайында иштеп баштаган ,кийинчерээк Кавказга 1 айлык саякат жасаган .Саякаттан 3-ноябрь кайтуу менрн ,дароо пьесанын ишин жандандырган.1883-жылдын 7-декабрында пьеса толук жазылып бүткөн .1884-жылдагы "Драмалык чыгармалар үчүн сыйлык тууралуу" эскертүүлөрүндө драматург "Күнөөсүз күнөөлүүлөр "повести тууралуу мынтип жазат : "Бул мен үчүн ар тараптан кымбат болгон ,оригиналдуу элүүнчү чыгармам .Аны бүтүрүү үчүн көп энергия жана эмгек сарпталды ;ал Кавказга болгон саякатымдагы тфилиси элинин мага көрсөткөн жылуу кабыл алуусунун таасири астында жазылган .Мен орус коомчулугуна алар урматтаган автор өз жетишкендиктерине канааттанбагандыгын,дагы да иштеп ,элдин аны сүйгөндүктөрү үчүн көркөм ырахат берүүнү каалагандыгымды көрсөткүм келди.Анан да бул чыгарма өзгөчө ийгиликтүү жаралды : Менин оюма күтүлбөгөн жерден жерден эле жаш муунга гана жеткиликтүү болгон көркөм ойлор келди .Мындай бактылуу эргүүнүн кайталануусун күтөсүң "(А.Н.Островский .Театр жөнүндө .Эскертүүлөр ,сөздөр ,каттар ."Искусство "басмасы ,1941-жылы,138-бет ).

Катышуучу каармандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

●Ивановна Любовь Отрадина ,тектүү жердин кызы

●Ивановна Елена Кручина ,облусттук белгилүү актриса

●Таиса Ильинишина Шелавина ,Отрадинанын досу ,бийкеч

●Григорий Львович Муров ,областтык жетекчиликтеги жаш жигит

●Аннушка ,Отрадинанын кызматкери

●Арина Галчиха ,

●Нил Стратоныч Дудукин ,бай мырза

●Нина Павловна Коринкина ,актриса

●Григорий Незнамов ,Шмага -облусттук театрдын артисттери

●Иван,мейманкана кызматкери

●Миловзоров Петя ,биринчи сүйүүсү

Меймандар жана кызматкерлер

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пьеса кызматкердин Шелавинанын кымбат көйнөгүн сындоосу менен башталат.Отрадина айым ачууланып ,анын курбусу чоң байлыктын мурастап калганын айтат .

Тилекке каршы ,Отрадинанын баласы 3 жашка толгонуна карабай ,кыздын себи жок болгондуктан ,той кайра-кайра жылдырыла берет.Баланын атасы Муров келип ,апасын тою менен капа кылууну каалабастыгын айтат .Ушул жерде Шелавина келет ,көрсө Муров ушул бай жесир аялга үйлөнө турган болот .Жаңжалдан соң Отрадина уулун өлдү деген кабарларды жок кылат .

Экинчи акт он беш жылдан кийин болот .Башкы каарман фамилясын Кручинина де өзгөртөт ,белгилүү актриса болот.Ал эми Гриша Незнамов жаш актёр.Анын тагдыры оор -жетим болуп үй бүлөгө кабыл алынат ,бирок багып алган атасы каза болуп ,апасы кайра турмушка чыгып ,баланы каардуу өгөй атадан коргой албайт .Гриша качып кетет ,дагы деле Сибирге жөнөтүп жибериштеринен коркот .

Кручинина жаш актёрго боор ооруп ,анын талабын талашат .Кокусунан тилемчи аялдын мурунку нянка экендигин тааныйт да ,андан уулунун өлбөгөнүн ,аны баласыз үй бүлөгө сатып жибергендигин угат .

Баш каармандын ийгилигин көрө албаган актёрлор ар түрдүү ушактарды таркатышат .Незнамовго да бул ушактар жетип ,анын сезимдер сүйүүдөн жек көрүүгө айланат.

Ал эми атасы -кыянатчы Муров , жылдыздуу Кручининага ашык болот .Бара -бара анын Отрадина экендигин таанып ,мурунку келинчегине "мурунку катачылыгын түздөөгө" уруксат беришин суранат .Бирок ал макул болбойт ,бир гана уулун таап берүүсүн талап кылат .Муров балада алтын медальон болгондугун айтат .

Гриша Кручининанын уулу экендиги аныкталып ,алар бири-бирин табышат .

Экрандаштыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1.1945-жылы "Күнөөсүз күнөөлүүлөр" фильми .Режиссёр В.М.Петров

2.1985-жылы кичи театр спектаклинин телеверсиясы чыгат .Коюучулар Хохорякова В,Бурдоский А

3.1993-жылы "Күнөөсүз күнөөлүүлөр " телеспектакли

4.2008-жылы -"Күнөөсүз күнөөлүүлөр "телефильми .Режиссёр Г.А.Панфилов