"Манас" эпосу боюнча диссертациялар

Википедия дан

"Манас" эпосу боюнча диссертациялар (лат. dissertatio — ойлоп табуу, изилдөө) — илимий даража алуу үчүн коргоого даярдалган илимий эмгек. "Манас" эпосуна байланыштуу эң алгачкы кандидаттык Д. 1964-ж., алгачкы докторлук Д. 1983-ж. корголгон. 1991-жылга чейин эпосту үйрөнүүнүн, изилдөөнүн ар кандай проблемаларына арналып илимдин түрдүү тармактары (манастаануу, педагогика, тарых, этнография, тил, философия) боюнча төмөнкүдөй Д-лар корголгон. Илимдин доктору илимий даражасын алуу үчүн: Кыдырбаева Р. 3. ""Кыргыздын баатырдык эпосу "Манас"" (Генезис. Поэтика. Айтуучулук), Алматы, 1983; Илимдин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн: Мусаев С. "Каныкейдин образы" ("Манас" эпосунун элдүүлүк проблемасына карата), Фр., 1964; Мамыров М. ""Манас" — кыргыз элинин баатырдык эпосу" (С. Каралаевдин варианты боюнча), Алматы, 1964; Кондучалова С. В. В. Радловдун кыргыз тили боюнча жыйнаган материалдары, Алматы, 1964; Абдылдаев Э. ""Манас" эпосунун эволюциялык өнүгүшү жөнүндө", Фр„ 1967; Бегалиев С. ""Манас" эпосунун поэтикасынын проблемалары", Фр., 1967; Медетбеков А. ""Манас" эпосундагы асылдык проблемасына карата", Фр. 1971; Сыдыков А. ""Манас" эпосундагы каармандык идеалдары", М„ 1971; Ормонов Т. ""Манас"" эпосундагы педагогикалык көз караштар", Казан, 1972; Сапарбаев А. ""Манас" эпосундагы метафоралар", Фр„ 1975; Эгембердиев Р. ""Манас" эпосундагы фразеологизмдер", Фр. 1980; Боронов А. "Кыргыздын баатырдык эпосу ""Манастагы" адам аттары", М„ 1988; Жумакунова Г. ""Манас" эпосундагы тиричилик лексикасы", Фр. 1988; Садыков Б. ""Манас" эпосунун көркөм составындагы фольклордук жанрлардын функциясы" (кошок, керээз, арман, алкыш, каргыш), Алматы, 1992.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4