"Пристань" арашан суусу

Википедия дан

"Пристань" арашан суусу Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районундагы дарылык касиети бар минералдуу ысык суу булагы. Каракол шаарынан 8 км түндүктө, "Пристань" шаарчасынын аймагында жайгашкан. 1990-ж. чалгындалып, запасы бекитилген. Терм-минералдык суу неоген мезгилинин Ысык-Көл свитасынын кумдук-чопо кабаттуу калыңдыгы менен байланышкан. Иоддошкон минералдуу ысык суу бургулоо көзөнөгүнүн 1950–2450 м тереңдигинен чыгат. Суунун минералдуулугу 14 г/л ден 32 г/л, жылуулугу чыгышына жараша 26°Сден 56°Сге чейин өзгөрөт. Химиялык курамы боюнча суу хлориддүү, натрий-кальцийлүү. Сууну нерв, муун, сөөк, гинекологиялык ооруларды дарылоого колдонсо болот. Запасы А категориясы боюнча суткасына 100 м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]