«Ак-таш» совхозу

Википедия дан

«Ак-таш» совхозу - райондогу ири чарбалардын бири.

1974-жылы өрөөндүн бардык аймагын камтыган мурдагы “Чаткал” совхозу “Чаткал” (борбордук участкасы Каныш-Кыя айылы) жана “Ак-Таш” (борбордук участкасы Жаңы-Базар айылы) совхоздоруна бөлүнгөн.1980-жылы Кыргызстан КП БКнын жана Министрлер Советинин №352 токтомуна ылайык Кыргыз ССР айыл чарба министрлигинин 21.8.1980-жылдагы №357 буйругу менен “АкТаш” совхозунун №2 бөлүмүнүн базасында “Ак-Таш” совхозу (борбордук участкасы Ак-Таш айылы) түзүлгөн.

Чарба ишин көтөрүүдө чабандар: Ашырбаев Турсумат (2 Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси), Козубаев Адираим, Стамбеков Каримберди, тракторист-механизаторлор Козубаев Карим, Ажибеков Арзымат, Ибраим Козубаев, жумушчулар Аширбеков Өскөн, Артыгалы кызы Өмүржан, Абдырахманова Карачачтардын эмгеги чоң.

Совхоздун жетектегендер: Абдыкаар Жумабеков, Амантай Кубатбеков, Тургунбай Козубаев, Б.Айтиев, 1992-жылдан совхоз таркатылып, “Ак-Таш” айыл чарба бирикмеси түзүлүп, аны Р.Жүнүсбеков жетектеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6