«Ак Бермет» поэмасы

Википедия дан

«Ак Бермет» поэмасы — кыргыздын элдик поэмаларынын бири. Акбермет Карагул кызынын өмүр баяны жана анын чыгармалары жөнүндө маалымат берет. Аны алгач фольклор жыйноочу К. Мифтаков 1923-ж. Талас өрөөнүндө элдик оозеки чыгармаларды жыйнап жүргөн учурда жолуктуруп, өмүр баянын, чыгармаларын жазып алган. Акбермет Карагул кызы 1899-ж. төрөлүп, балалыгы оор турмушта өтөт. Анын ырлары негизинен арман мотивинде айтылып, бактысыз балалыгы, чыркырап күйгөн жаштыгы, теңсиз турмушу образдуу көркөм сүрөттөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1