«Ала-Тоо» (сорт)

Википедия дан

«Ала-Тоо» (сорт) - жүзүм сорту. 1962-ж. Кыргызстан дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун илимпоздору жүзүмдүн «катта-курган» жана «карабурну» сортторун чаңдаштыруу жолу менен чыгарган. Түшүмдүү, гектарынан 300 цге чейин мөмө берет. Мөмөсүнүн канттуулугу 18,5% , кычкылдуулугу 3,8. Шиңгилинин салмагы 350-600 г. Мөмөсү даамдуу, жумшак, түсү саргыч, сулпу нык келип, жегиликтүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1