«Алмаз» радиостанциясы
«Алмаз» радиостанциясы - жергиликтүү мамлекеттик радиоуктурууга алгач альтернатива катары пайда болгон маалымдоо каражаттарынын бири. 1992-жылдын 15-июнунда Чүй өрөөнүнүн радиоугармандарына биринчи берүүлөрүн тартуулаган. 1993-жылдын 13-апрелинен тартып борбордук радио тармагынан үзгүлтүксүз уктурулат. Ал республиканын Маданий фонду тарабынан уюштурулган. Программалары кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлүп, дүйнө элдеринин музыкасы, «Медициналык саат», «Тамашалуу маек» ж. б. рубрикалар менен обого чыгып турат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1