«Алпамыш» эпосу

Википедия дан

«Алпамыш» эпосу - түрк тилинде сүйлөгөн айрым элдердин баатырдык эпосу. Ал өзбектерде - «Алпамыш», казак жана кара калпактарда - «Алпамыс», алтайлыктарда - «Алып-Манаш», башкырларда - «Алпамыш жана Барсынхылуу», казандык татарларда «Алпамша» деп аталат. Кийинки жылдарда «Алпамыштын» кээ бир эпизоддору тажиктерден да жазылып алынган. Эпос жакшылык, адилеттик өңдүү идеяларды даңазалайт. Негизги сюжеттик мотивдери кыргыздын «Жаныш-Байыш» дастанында кайталанат. Алпамыштын эрдиктери жөнүндөгү эпикалык жомоктун сюжеттери уруучулук доорго таандык, бирок эпостун толук циклдери Орто Азия элдеринин жунгар калмактарына каршы жүргүзгөн күрөшү учурунда (15-17-к.) түзүлгөн болуу керек. Өзбек, казак, каракалпактардагы варианттарында Алпамыш коңурат уруусунан чыккан баатыр деп айтылат. Белгилүү жомокчу Н. Улагашевден жазылып алынган (1939) алтайлыктардын «Алып-Манашы» түпкү чыгышы жагынан өзбек, казак, каракалпактардын «Алпамышы» менен бир экендигин жана ал 6-8-кылымда (түрк каганаты доорунда) эле Алтай аймагында пайда болгондугун В. М. Жирмунский ишенимдүү далилдеген. Эпостун бардык версиялары сюжети жагынан окшош, бирок ар бир жомок жерг. колоритте көркөмдөлүп, оригиналдуу мотивдери менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]