«Амфибия»

Википедия дан

«Амфибия» - (грекче amphibios – эки жактуу жүрүүчү) – кургакта, сууда жүрүүчү аскердик же транспорттук машина (танк, транспортёр, автомобиль, самолёт жана башка ). 1) Т а н к, т р а н с п о р т ё р «Амфибиянын» чөкпөстүгү анын жылчыксыз бүтөлгөн корпусунун сууга сыйымд. менен камсыз болот. Кыймылга келтирүү үчүн суу шилөөчү винт, каз тамандуу чынжыр (каз тамандуу техникаларда) сыяктуу механизмдер пайдаланылат. «Амфибия» алгач биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда даярдала баштаган. 1921–22-ж. АКШ менен Францияда «Амфибиянын» танк үлгүлөрү жасалган. Кызыл Армия сууда сүзүүчү танк (Т-37) менен 1932-жылдан тартып куралданган. 2) Автомобиль – «Амфибия» адам жана жүк ташуу, аларды дарыя, көлдөрдөн өткөрүү максатында колдонулат. 3) Суудан жана жерден учууга, ошондой эле конууга ылайыкталган дөңгөлөк шассиси бар самолёт – «Амфибия» 4) Аэрочана- «Амфибия» – карда гана эмес, сууда сүзүп, күбүрдүү музда жүрүүгө ылайыкталган кайык-лыжалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]