«Ачык эшик» доктринасы

Википедия дан

«Ачык эшик» доктринасы, Xейдин доктринасы - АКШнын тышкы саясий доктринасы. АКШнын мамлекеттик катчысы Джо Хейдин Англиянын, Германиянын, Франциянын, Россиянын, Италиянын жана Япониянын өкмөттөрүнө жөнөткөн ноталарында (1899) баяндалган. Анда АКШнын мамлекеттик департаменти Кытайга карата «ачык эшик» саясатын жүргүзүүнү жана ага ылайык аталган мамлекеттердин Кытай менен соода жүргүзүүдө бпрдей укуктарга ээ болуусун камсыз кылууга чакырган. Доктрина Кытайда, ошондой эле колониялык державалардын «таасир этүү чөйрөсүндөгү» башка аймактарда АКШнын экономикалык жана саясий үстөмдүгүн орнотуу, Кытай рыногуна америкалык капиталдын киришин камсыз кылууну көздөгөн. 1921-22-жылдары Вашингтон конференциясында түзүлгөн 9 державанын келишиминде АКШ «ачык эшик» саясатын ага катышкан мамлекеттер тарабынан расмий түрдө таануусуна жетишкен. Доктринада жарыяланган эл аралык эркин соода жүргүзүүнүн принциптерин АКШ башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүдө пайдаланып келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1