«Балдар Fm» радиосу

Википедия дан

Кыргыз радиосу элге керектүү маалыматтарды, кабарларды жеткирип, жагымдуу маанай тартуулап келе жаткандыгына быйыл 2011-жылы 80 жыл болду. Мына ушул аралыкта нечен деген окуяларга, тоскоолдуктарга, өзгөрүүлөргө дуушар болуп, ошол эле учурда бир топ ийгиликтерге жетишти десек жаңылбайбыз. Мисалы башында бир гана радио болуп, анда дагы саналуу саат гана эфирге чыгып турган болсо, учурда 3 жыштыкта 5 радио күнү-түнү угармандарга кызмат кылат. Мына ушул радиолордун ичинде балдарга таалим-тарбия, билим берүү багытта иш алып бараткан Кыргызстандагы жападан жалгыз «Балдар Fm» радиосу бар экендигин сыймыктануу менен айтсак болот. '«Балдар Fm»' радиосунун тарыхына кыскача токтоло кетсек: Мындан 50 жыл мурда Кыргыз радиосунун адабий редакциясынын алдында “Балдар редакциясы” негизделген. Ошол мезгилде балдарга арналган ырлар, постановкалар, жомоктор даярдалып эфирге кетип турчу. Бара-бара бул редакция кеңейип, жаштарга арналаган программаларды даярдоо менен “Жаш толкун” чыгармачыл өндүрүштүк бирикмеси болуп өзгөрөт. Андан бери анын көлөмү да, форматы да, мазмуну да өзгөрүп, мезгил талабына ылайык жаныланып, жаңы уктуруулар менен толукталып келген. Ал эми бирикме өзүнүн бардык уктурууларын бир топко бириктирип, алгачкы ирет түз эфирге 1992- жылы “Жаштык” радиоканалы деген ат менен чыга баштаган. Ошол күндөн баштап 2009-жылга чейин угармандар “Жаш толкун” чыгармачыл өндүрүштүк бирикмесинин берүүлөрүн “Жаштык”радиоканалы деген аталышта кабыл алып келишкен. “Жаш толкун” бирикмесинин уктурууларынын 65 % жаштарга, ал эми 35% балдарга арналган. Ал эми 2009-жылдан баштап балдарга арналган өзүнчө радио ачууну максат коюп, «Балдар Fm» радиосу деген долбоор менен “Биринчи радионун” жыштыгында эфирге чыгып келебиз.

Учурда «Балдар Fm» радиосунда 5 редактор, 1 режиссер ошондой эле сырт кабарчылар кызмат кылат. Ал эми эфирге «Биринчи радионун» жыштыгында ишемби , жекшемби күндөрү саат 11.00 дон 15.00 го чейин чыгабыз


«Балдар Fm» радиосунун максаты: Ар бир бала тактыктуу билим алууга жана татыктуу жашоого тийиш. 

Алардын көңүлүн чөгөрбөй, максатына жетүүсүнө өбөлгө түзүшүбүз керек. Ошондуктан биз «Бала жылмайса - аалам жылмаят! » деген ураан менен иш алып барабыз. «Тарбия берүү- улуу иш; ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет » деп педагог , ойчул Белинский айткан. Мамлекетибиздин келечеги болгон балдарды тарбиялоодо үй-бүлөнүн, мектептин эле эмес радионун дагы таасири чоң экендигин эске алуу менен уктурууларыбыздын негизин билим, тарбия берүү,таанып-билүү, маалымат-аналитикалык программалар түзөт. Ошондой эле балдардын ой чабытын өстүрүүчү оюндар дагы бар.

Айрым уктурууларга токтоло кетсек: 1. Балдардын жарандык жактан калптануусу,социялдык өнүгүшү,билим алуусу, ден соолугу жана ж.б ушул өңдүү актуалдуу проблемаларын чагылдырган аналитикалык берүүлөрү: “Коом жана балдар”, “Атайын репортаж”, “Мөл булак”; 2. Коомдогу көрүнүштөрдү, балдардын көз карашында талдоого алган радиодебат :“Балдар шаарчасы”; 3. Таанып- билүү, тарбиялык мааниси бар: “Сендей менен Мендей”, “Баарын билгим келет”, “Бал суроо”,“Мына кызык”, “Сыйкырдуу жомок”, “Уламыш”, “Балдар үчүн аңгеме”, “Салам жаш таланат”, “Жаныбарым жан досум” ж.б уктуруулар; 4. Билим берүү үчүн интелектуалдык таймаштар: “Акыл таймаш”, “Манас таануу”; 5. Ой чабытты өстүргөн, бөбөктөргө арналган: “Ая-ай белек”, “Тапкан тапалак” оюндар; 6. Көңүл ачуу форматындагы “Момпосуй” куттуктоо программасы, “бала тили бал” рубрикасы түз эфирде уктурулат.

«Балдар Fm» радиосунда уктуруулардын 70% балдар өздөрү алып барышат. Мында биз балдарды алып баруучулукка эле үйрөтпөстөн, актердук чеберчилигин дагы өстүрөбүз. Эфир алып барып жаткан балдардын кичинекей угармандар алдында жоопкерчиликти сезүү керек экендигин айтып, аларды чыгармачылык изденүүгө чакырабыз. Жөнөкөй эле мисал: кийинки уктурууларга кызыктуу маалыматтарды даярдап келүүнү талап кылабыз. Алар кызыктуу маалыматтарды топтоо менен биргеликте өздөрү дагы окуп билимин тереңдетишет.

«Балдар Fm» радиосу 2009-жылдан бери өзүнүн сүйүктүү угармандарын тапты десек жаңылбайбыз. Бизге Бишкек шаарынын кичинекей тургундары эле эмес, алыскы аймактардан дагы телефон аркылуу байланышка чыгып, кат жазышып уктуруулар боюнча өз ойлорун билдиришип турушат. Мындан сырткары оюндарга, куттуктоо программаларына дагы телефон аркылуу байланышат.

«Балдар Fm» радиосуна көңүл буруп, кеп-кеңешин берип, жардамын аябаган биздин ардактуу устаттарыбыз дагы бар. Аларды атай кетсек: КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Б.Жайчиева, Кыргыз Эл акыны А.Жакшылыков, Педогогика илимдеринин доктору, балдар жазуучусу С.Рысбаев, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Г.Эсенгулова, композитор Т.Чокиев, манасчы Т.Бакчиев, “Манас” жаштар ордосунун жетекчиси Б.Романов, педогог-психолог Д.Кудайбергенова, КББАнын кызматкерлери ж.б.