«Бозжигит»

Википедия дан

«Бозжигит» лирикалык поэма. Чыгыш эпикалык поэзиясынан келген. Ашыктык, баатырдык, турмуштук, диний сыпаттагы чыгыштын дастандары Орто Азия элдерине дастан, кысса, хикая деген ат менен тараган. Булар негизинен 19-кылымдын акыры 20-кылымдын башында Уфа, Казан, Оренбург шаарында басылып чыккан. «Бозжигит» араб, фарсы жана Орто Азиядагы түрк элдеринин тилинде жарык көргөн. Китептин саны аз болгондуктан, алгач кат тааныган сабаттуу адамдар окуп, алар аркылуу оозеки түрдө жашай баштаган. Акындар, чыгармачыл айтуучулар бул сюжеттерди өздөрүнүн алымча, кошумчалары менен ырдап, эл арасына жайылткан. Ошентип, варианттары пайда болгон. «Бозжигит» поэмасы кыргыздар арасына 1911-ж. Казандан араб, фарсы тилдеринде басылып чыккан нуска боюнча тараган. Поэмада анын негизги каармандары Бозжигит менен Сайыпжамалдын ортосундагы улуу махабат баяндалат. Эки ашык бири бирине жетпей, окуя трагедия менен аяктайт. «Бозжигит» поэмасынын эки нускасы КР УИАнын Колжазмалар фондунда сакталып турат. Г. Орозова.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]