«Борбордук Азиялык Экономикалык Шериктештик»

Википедия дан

«Борбордук Азиялык Экономикалык Шериктештик» эл аралык деңгээлдеги экономикалык байланыштын бир түрү. Бул шериктештиктин мамлекеттеринин социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү мамлекет башчылары 1994-ж. кол коюшкан «Бирдиктүү экономикалык аймак түзүү жөнүндө» келишимге негизделген. Бири-бирин өздөрүнүн жаратылыш ресурстары жана чыгарган продуктулары менен толуктап, региондун өлкөлөрү кыйла отун жана энергетика ресурстарына, түстүү жана кымбат баалуу металлдардын, урандын, сейрек кездеше турган элементтердин эң бай запастарына жана башка стратегиялык жактан маанилүү ресурстарга ээлик кылышат. Ошондуктан ар бир өлкө Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү үчүн табигый жана алмашылгыс рынок болуп кызмат кылат. Шериктештикке катышкан мамлекеттердин актуалдуу проблемалары төмөнкүлөр: келишимге катышкан мамлекеттердин ортосунда алып коюуларсыз жана чектөөлөрсүз эркин соода режимин толук көлөмдө киргизүү; бирдиктүү экономикалык аймакты түзүү боюнча программаны иштеп чыгуу жана аткаруу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]