«Ветка» айыл чарба шериктештиги

Википедия дан

«Ветка» айыл чарба шериктештиги - Түндүк Кыргызстандагы алгачкы жамааттык айыл чарба бирикмелеринин бири. 1919-ж. 20-мартта багбандар менен жүзүм өстүрүүчүлөрдүн союзу катары Пишпек уездиндеги Молдаван кыштагында уюшулган. 1922-ж. «Ветка» айыл чарба коммунасы болуп кайра түзүлгөн. 1924-ж. январда коммунарлар өз чарбасын В. И. Лениндин ысмы менен аташкан. Коммунадагы эмгек шарты, турмуш-тиричилик, мад-ты коңшу айыл-кыштактардын тургундарына чоң таасир тийгизген. Аларга малдын тукумун асылдандыруу, мөмө-жемиш бактарынын жана жүзүмдүн түшүмдүү сортторун өстүрүү жагынан өрнөк көрсөткөн. Коммуна 1930-ж. колхоз болгон, 1951-ж. бир нече колхоздор биригип, ирилешкен чарбага айланган. 1992жылга чейин Ленин атн. колхоз, 1992-жылдан «Ветка» а. ч. кооперативи деп аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]