«В. В. Радловдун жыйнаган материалдарындагы кыргыз тилинин лексикалык жана граматикалык өзгөчөлүктөрү»

Википедия дан

«В. В. Радловдун жыйнаган материалдарындагы кыргыз тилинин лексикалык жана граматикалык өзгөчөлүктөрү» — филология илимдеринин кандидаты С. Кондучалованын эмгеги (Фр., 1964). Көлөмү 5,5 басма табак. Өткөн кылымдын экинчи жарымында В. В. Радлов жазып алган материалдагы көп сөздөрдүн алиге чейин кыргыз лексикасында активдүү колдонулушун белгилеп, аларды маани жагынан негизги топторго бөлүп караган. Эмгектин экинчи бөлүгүндө материалдагы тексттердин айрым грамматикалык фактылары жөнүндө сөз козголот. Бул бөлүктө жөндөмөлөр боюнча ат атооч сөздөрдөгү жана этиштерде учураган өзгөчөлүктөр талдоого алынган. В. В. Радловдун китебинен үзүндү берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4