«Голубая роза»

Википедия дан

«Голубая роза» – орус сүрөтчүлөрүнүн көркөм бирикмеси. Аты окшош көргөзмөдөн (1907, Москва, «Золотое руно» журналы уюштурган) аталышын алган. «Голубая розанын» чыгармачыл мүчөлөрүнө (Н. Н. Сапунов, С. Ю. Судейкин, А. В. Фонвизин ж. б.) ачык колориттеги декоративдүү композициялар, боёктордун күңүрт айкалышы таандык. «Голубая розанын» кээ бир мүчөлөрү (Н. П. Крымов, П. В. Кузнецов, А. Т. Матвеев, М. С. Сарьян ж. б.) көркөм сүрөт искусствосунун чоң чеберлери болушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]