«Диалектика жөнүндөгү маселеге карата»

Википедия дан

«Диалектика жөнүндөгү маселеге карата» - В. И. Лениндин «Философиялык дептерлеринин» бир үзүндүсү (1915). «Большевик» журналына 1925-ж. басылган.

В. И. Ленин мында дүйн. филос. ойлордун тарыхын, айрыкча Гегелдин эмгектерин терен иликтеген жана «Философиялык дептерлердин» эн маанилуу идеяларын жыйынтыктап, карама каршылыктардын биримдиги жана күрөшү диалектиканын ядросун түзөрун белгилеген. Бул фрагментте В. И. Ленин өсүунүн метафиз. концепциясына диалек. концепцияны карама-каршы коюп, диалек. концепция гана бардык нерселердин «өздүк кыймылына», «секириктерге», «бара-бара өнүгүүгө», «карама-каршылыкка айлануута», эскинин жоюлуп, жаңынын пайда болушуна жол ачарын белгилеген. Эң жөнөкөй мисалдар аркылуу жекелик менен жалпылыктын диалектикасын ачып көрсөткөн. Диалектиканын өзгөчөлүктөрун жалпылап, марксизмде матер, диалектикадан башка өзгөчө тааным теориясы жок, диалектиканын озу марксизмдин тааным теориясы болуп саналат деген жыйынтыкка келген жана идеализмдин таптык жана гносеологиялык тамырларын ачып көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.