«Дружба народов»

Википедия дан

«Дружба народов» - көркөм-адабий жана коомдук-саясий журнал.

СССР жазуучулар союзунун органы, СССР элдер адабиятынын ийгиликтерин жаю дүйнө элдеринин достугун даңазалоо максаты менен М. Горький негиздеген. 1939-жылдан Москвада орус тилинде чыккан (1955-жылга чейин альманах катары). «Дружба народов» журналына бардык союздаш республикалардын адабий, маданий ишмерлери, котормочулары катышкан. Көркөм проза, поэзия, сын, публистикалар, республикалык журналдарга обзорлор, адабият, маданият жана искусство жөнүндө макалалар жарыяланат.

«Дружба народов» журналында улут адабияттарынын (анын ичинде кыргыз акын-жазуучуларынын да) чыгармалары жана эл достугун, интернационализм идеясын чагылдырган чет элдик көркөм сөз чеберлеринин прогрессчил чыгармалары да басылып турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4