«Жашылдар»

Википедия дан

«Жашылдар»айлана-чөйрөнү сактоо жана калыбына келтирүү максатында же ошол багытта иш-чараларды (абаны жана сууну булгануудан сактоо; радиоактивдүү булгануу кооптуу-лугуна каршы пикирин билдирүү жана башка) жүргүзүү үчүн түзүлгөн кыймыл. Ал катталган жана катталбаган коомдук уюмдар, саясий партиялар түрүндө түзүлөт. Жашылдар айрыкча Батыш Европа өлкөлөрүндө жандуу иш жүргүзүүдө. Алар көпчүлүк өлкөлөрдүн жана Европа парламентинин курамына кирген. Кыргызстанда Жашылдар партиясы жана бир нече табиятты коргоо уюмдары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1