«Жаңыл»

Википедия дан

«Жаңыл» – кыргыздын «Жаңыл мырза» аттуу баатырдык дастаны боюнча жазылган драма. Авторлору – К. Маликов, А. Куттубаев. Драмада баш каарман Жаңылдын өз эл-жерин тышкы баскынчылардан коргоодогу эр жүрөктүүлүгү, патриоттук сезими даңазаланат. Драма алгач ирет 1941-ж. Нарын облусу драма театрында коюлган (реж. А. Көбөгөнов). Анда баш каармандардын ролун С. Сатыбалдиева (Жаңыл) менен А. Көбөгөнов (Түлкү) аткарган. 1945-жылдан «Ж.» Кыргыз мамлекеттик драма театрында да коюла баштап (реж. А. Свистунов), 1959-ж. жогорку профессионалдык деңгээлде коюлган (реж. В. Молчанов, көркөм жасалгалаган А. Торопов). Бул вариантта баш каарман Жаңылдын образы аркылуу драмадагы негизги тема – патриотизм жеткилең иштелип, образдар идеялык жактан ойдогудай жалпыланган. Башкы ролдорду аткарган Д. Күйүкова (Жаңыл), С. Жаманов (Түлкү), Н. Кытаев (Калматай), С. Алымкулов (Манжы) өңдүү артисттердин да чыгармачылык тажрыйбасы артып, профессионал даярдыгы кыйла жогорулаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1