«Жаңыл Мырза»

Википедия дан

«Жаңыл Мырза» – кыргыз элинин баатырдык дастаны. Айрым божомолдор боюнча анын пайда болушу 15–16-кылымдарга таандык. Дастанда калмак баскынчылыгына каршы кыргыздардын күрөшү, кыргыз урууларынын турмушу сүрөттөлөт. Башкы каарман Жаңыл баатыр кыз, нойгут уруусунун билерманы. Анын баатырдыгы душман менен кармашта да, жекече сыноолордо да көрүнөт. Дастандын пайда болушуна тарыхый факт негиз болуп, элдин рухий муктаждыгы Жаңыл сыяктуу жаркын образдардын жаралышына шарт түзгөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда дастандын төрт варианты (Тоголок Молдо, А. Чоробаев, Ы. Абдырахманов жана М. Мусулманкуловдун айтуусунда) бар. 1957-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан. Ы. Абдрахмановдун варианты «Илим» басмасынан жарык көргөн. «Жаңыл Мырза» дастанынын айрым айтуучулары аны тарыхый болгон окуялар менен байланыштырып, ал образдардын прототиби жөнүндө да эскеришет. Тоголок Молдонун эскерүүсүндө Жаңыл 16-кылымда жашаган деген маалымат бар. Жаңылдын жашаган доорунда «кара багыштарда Калматай баатыр, иниси Төлөк, Шырдакбек хан, Үчүкө, Түлкү, Тейиш, анын балдары Аккочкор, Үлбүрчөк, Бургуйлар жашаган» деп айтылат. Бул маалыматтарга караганда дастандагы каармандардын бир тобу тарыхый адамдар. Ы. Абдрахманов Жаңылды 17кылымда жашаган тарыхый инсан деп белгилейт. Дастандын сюжетинин негизинде драма (К. Маликов, А. Куттубаев), поэма (С. Эралиев) жазылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]