«Жеңиш» ордени

Википедия дан

«Жеңиш» ордени – советтик эң жогорку аскердик сыйлык. 1943-ж. 8-ноябрда СССР Жогорку Советинин Президиумунун указы менен белгиленген. «Жеңиш ордени» Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде СССР Куралдуу Күчтөрүнүн ири аскердик бирикмелерин (фронтторду) жетектеген Жогорку Башкы команда курамындагыларга зор операцияларды ийгиликтүү өткөргөн­дүгү үчүн берилген. «Жеңиш» ордени менен Советтик Союздун маршалдары Г. К. Жуков (2 жолу), А. М. Василевский (2 жолу), И. С. Конев, Р. Л. Малиновский, К. К. Рокосовский, С. К. Тимошенко, Ф. И. Толбухин, К. А. Мерецковдор сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1