«Заблуждение» мөңгүсү

Википедия дан

«Заблуждение» мөңгүсүЧоң-Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү.

Кызылсуунун сол куймасы – Кызылагын суусунун алабы нан орун алган. Уз. 5,0 км, аянты 7,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 6400 м, этеги 4200 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 5100 м, абляция облусунун аянты 2,8 км2. Негизинен Корженевский мөңгүсүнүн сол бутагы болуп эсептелет. Алардан Жанайдартак суусу башталып, Кызылагынга куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2