«Ийгилик» ААК

Википедия дан

«Ийгилик» ААК - ачык акционердик коом (2004). Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында кыш заводу катары негизделип, 1936-ж. өз алдынча ишкана статусун алган. Адегенде заводдун борбордук аймагында жалпы көлөмү 1264 м3 тегерек меш салынса, 1970-ж. мындай мештен төртөө курулган. Заводдо адеп бардык иш кол күчү менен бүткөрүлгөн. 1956-жылдан механикалаштырыла баштаган. 1996-ж. завод менчиктештирилген. Заводдо жылына 51 млн 977 миң даана сапаттуу кыш чыгарылат (2004).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]