«Интергласс»

Википедия дан

«Интергласс» - жоопкерчилиги чектелген коом (2000). Кыргыз ССРинин Өнөр жай-курулуш материалдары министрлигинин токтому менен 1966-ж. Токмок шаарында айнек заводунун курулушу башталган. 3-д Ленинграддагы «Гипростекло» институтунун долбоору боюнча курулган. 1972-ж. заводдун цехтери ишке киргизилип, алгачкы такта айнек чыгарылган. 1995-ж. завод «Айнек» МАК деп аталган. 1999-ж. ал расмий түрдө кудуретсиз деп табылып, «Steinert Industries» немис компаниясы сатып алган. Ишкананын аймагында 15 өндүрүштүк корпус иштейт. 2000-02-ж. ишкана жаңы техникалар менен жабдылып, негизги фондулары жаңыртылган, натыйжада жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө жана дүйнөлүк стандарттагы сапаттуу продукция чыгарууга өбөлгө түзүлдү. 3аводдон өнөр жай ишканалары, курулуш объекттери үчүн терезе, витрина айнектери, күзгүлөр, ошондой эле идиштер, жасалга-көркөм буюмдар жана башкалар чыгарылат. Ишканада 1500 мыкты адис эмгектенет (2008). Кыргызстандан тышкары Борбордук Азия өлкөлөрүн жана Сибирдин шаарларын такта, айнек менен камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]