«Интернационал» (гимн)

Википедия дан

«Интернационал» (гимн) (фр. L’Internationale, лат. Inter - аралык, nаtion - эл) – эл аралык пролетариаттын, компартиялардын гимни. Текстин фр. акын Э. Потье 1871-ж. жазган. Музыкасы фр. композитор П. Дегейтердики. «Интернационал» алгач ирет 1888-ж. 23-июнда Франциянын Лилле шаарында жумушчулар майрамында ырдалган. Россияга 20-кылымдын башында падышалык өкмөт тыюу салганга карабай тарала баштаган. Орусчага революционер акын А. Я. Коц 1902-ж. которгон. Улуу Октябрь революциясы жеңгенден кийин «Интернационал» совет мамлекетинин гимни болгон. 1944-ж. СССРдин жаңы мамлекеттик гимни бекитилгендигине байланыштуу ВКП(б) БКнын пленуму «Интернацпоналды» Бүткүл союздук коммунисттик (большевиктер) партиясынын гимни катары сактоо...» жөнүндө токтом чыгарган. «Интернационалдын» кыргыз тилиндеги туңгуч котормосу 1925-ж. жарыяланган, кийин акындар (А. Токомбаев, У. Абдукаимов) тарабынан кайрадан которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]