«Каныш-кыя» совхозу

Википедия дан

«Каныш-кыя» совхозу - райондогу ири чарбалардын бири.

1974-жылы өрөөндүн бардык аймагын камтыган мурдагы “Чаткал” совхозу “Чаткал” (борбордук участкасы Каныш-Кыя айылы) жана “Ак-Таш” (борбордук участкасы Жаңы-Базар айылы) совхоздоруна бөлүнгөн.

Ал эми 1980-жылдан Кыргызстан КП БКнын жана Министрлер Советинин №352 токтомуна ылайык Кыргыз ССР айыл чарба министрлигинин 21.8.1980-жылдагы №357 буйругу менен “Чаткал” совхозу “Каныш-Кыя” совхозу деп аталган. Негизинен мал чарбасы жана үрөөнчүлүк багытында иш жүргүзгөн. Совхоздо 80-жылдары К.Скрябин атындагы айыл чарба институтунун окумуштуулары (профессор Талант Раззаковдун жетекчилигинде) селекциялык илим-изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

Негизинен кой (№1 бөлүмүндө 50 миңден ашык кой), жылкы жана топоз (2000ге жакын) багылган. Союзга, республикага таанымал чарба устаттары: Социалисттик Эмгектин Баатыры, Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты Т.Айдаров, Ленин орденинин ээси Эшенкул Кадырбеков, СССР Жогорку Советинин депутаты Б.Нарматов, алдыңкы чабандар Турдумат Кыдыралиев, Убали Орозбаев, Кайырма Масалбекова (Баймырзаева), Алымкан Үмөталиева, Гүлдана Сөлпүева, Дуулат Черикчиев, топоз багуунун устаты Алтымыш Накетаев ж.б.жогорку ийгиликтерге жетишишкен. Айыл чарбасында дан өсүмдүктөрү: буудай, арпа, картошка, ошондой эле көп жылдык тоют (беде, эспарцет) өстүрүлгөн. Дыйкандар: Төрөбеков Шайлообай, Бегалиев Турду, Акылбеков Азанбек, Сейитбеков Нурмат, Араке Надыровдор, ал эми №2 бригадада Ыманкан Алматов, Батырбек Алматов, Чоюн ж.б.чоң ийгиликтерге жетишишкен.

Талаачылык жана дыйканчылык иштерди жолго коюуда башкы агроном Беккулиев Ибраим, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси Кудайкулов Жаманкул, бригадирлер Дербиш Чотбаев, Токтогул Бегматов, ин-женер-техниктер К.Батырбеков, С.Кушубаков, А.Алматов, У.Кадырбеков, А.Назаловдордун, тракторист-механизаторлор Конокбай Муратбеков, Ташмат Мырзатаев, Качкынбай Раманов, Жаныбек Белдибеков ж.б. салымы чоң.

1982-жылы совхоздо мектеп бүтүрүүчүлөрүиөн турган “Достук” комсомолдук жаштар бригадасы түзүлүп, аны Б.Баймырзаев жетектеген.

Темир усталар: Кудаяр, Мамбет, Турду, Ырыс жана алардын жолун улаган Миңбай Мамакеев, Ашырбек Кайыпов, Гөлүбай Ашырбай уулу, Рай Алибеков, Ыманберди, токарь Арстан Надирбеков, электр ширетүүчү Жусуев Осмонкул ж.б. чарбанын ишин жүргүзүүдө салымы чоң.

“Каныш-Кыя” совхозун К.Дооронбеков (1974-79), М.Рыскулов (1980-85), Ш.Аликеев (1985-), А.Сапарбековдор жетектеген. 1992-жылы айыл чарбасын реформалоого байланыштуу 1992-жылы чарба жоюлуп, анын мүлкү жеке менчикке таркатылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6