«Кара-Балта тоо-кен комбинаты»

Википедия дан

«Кара-Балта тоо-кен комбинаты» – акционердик коом (1997). Кара-Балта тоо-кен комбинатынын базасында түзүлгөн. Ишкана ураны бар кендерден уран чала оксидин, молибденди өндүрөт, дем алуу органдарын коргоочу «Лепесток» каражатын чыгарат. Комбинаттын курамына гидрометаллургия заводу, Борбордук илимий-изилдөө лабораториясы, «Чолпон» фабрикасы, темир жол цехи, басмакана, байланыш түйүнү, транспорт участкасы, Тоо-техникалык жана реабилитациялык иштер боюнча башкармалык жана профилакторий кирет. Продукциянын негизги түрүн гидрометаллургия заводу иштеп чыгат. Бул ураны бар сырьёну кайра иштетүүчү ири өнөр-жай комплекси 1955-жылы курулуп, пайдаланууга берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]