«Кастанье» мрамор оникси кени

Википедия дан

«Кастанье» мрамор оникси кени - Нарын районунда, Нарын шаарынан 4–5 км батышта, АлаМышык тоосунун Түндүк капталында. Кен аймагын карбон мезгилиндеги акиташ теги түзөт. Оникс карст процессинен пайда болгон Ала-Мышык үңкүрүндө жайгашкан. Үңкүр эңкейиштеп 163 мге созулат. Туурасы 4 мге, бийиктиги 2,5 мге жетет. Оозу кууш (0,7×1,5 м). Мында оникс жайгашуусу боюнча 3 түргө бөлүнөт: 1) калыңдыгы 20 ммге жеткен күрөң, ачык күрөң, жездей сары жана чокморлошкон ак кабатчалар. Блоктуулугу 25×20×20 см; 2) сталактит-сталагмит түрүндө үңкүрдүн оозунан 40 м ары кездешет. Жездей сары, күрөң, ак тегерекчелерден турат. Кальциттин аппак майда тарамчалары учурайт. Блоктуулугу 15×15×15 см; 3) кораллит түрүндөгүсү үңкүрдүн орто ченинен орун алган. Жара кескенде кочкул кызыл, күңүрт күрөң, күрөң, ак, жездей сары кооз тегерекчелерден турат. Блоктуулугу 10×5×5 см. Оникстин бардык түрү өтө кооз, жакшы сайкалданат. Запасы 20 м3. Зергердик кооз буюмдарды жасаса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]