«Китаб ал-Агани»

Википедия дан

«Китаб ал-Агани» («Ыр китеп») — араб поэзиясынын антологиясы. Адабиятчы, акын, тарыхчы, Абу-л-Фарадж ал-Исфахани (897—967) түзгөн. Китепке 7—10-кылымдагы араб акындарынын ырларына жазылган Ибраим ал-Маусили, Исмаил ибн Жами жана Фулайха ибн ал-Аврдын музыкасы кирген. « Китаб ал-Аганиде» акындардын өмүр баяндары, композиторлор менен белгилүү аткаруучулар тууралуу маалыматтар камтылган. Түзүүдө кемчиликтер кетирилгени менен, бул китеп — 10-кылымга чейинки арабдардын жана араб тилинде сүйлөгөн элдердин адабияты, маданияты жана үрп-адаты тууралуу маалыматтарды камтыган баалуу эмгек. «Китаб ал-Агани» немис илимпозу Козергартен 10 том кылып чыгармак болуп, анын 1тому гана жарык көргөн (1868—69). Китеп толугу менен 21 том болуп, 1904-жылы Каирде басылып чыккан. Адабияттар: Крымский А. Е. История арабов и арабской литературы. Т. 1—3. М., 1911—13.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]