«Кодекс куманикус»

Википедия дан

«Кодекс куманикус» — кумандардын (кыпчактардын) 82 барактан турган кол жазма китеби. Эски готикалык арип менен жазылган. Байыркы нускасы Венециядагы Марк олуянын чиркөө китепканасында сакталган. Автору жана жазылган жери белгисиз. 13-кылымдын аягы—14-кылымдын башында түштүк орус талаасын, Крым аймагын мекендеген кыпчактардан жыйналган маалыматтардын негизинде жазылган деп болжолдоого болот. Эмгек эки бөлүктөн турат: 1) латынча-фарсча-куманча сөздүк; 2) христиан дининин пайдасы жөнүндө баяндамадан, куман тилинин латынча жазылган кыскача грамматикалык очеркинен жана сөз тизмектеринин немисче котормолорунан турат. «Кодекс куманикустун» куман (кыпчак) лексикасы бар бөлүгү француз, латын, немис тилдерине которулуп, 4 жолу (1828-ж. Парижде, 1880-ж. Будапештте, 1884-ж. Петербургда, 1942-ж. Копенгагенде) басылып чыккан. 1972-ж. кол жазма биринчи ирет Казак ССР ИА тарабынан басмага даярдалган жана түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин тарыхын, этнографиясын, адабиятын жана тилин изилдөөдө баалуу маалымат берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]