«Кош-булак» ЖЧК
Көрүнүш
Майлуу-Суу«Кош-булак» ЖЧК — жоопкерчилиги чектелген коом (1996). Ишкана өндүрүштүк ишмердигин 1996-ж. баштаган. Ал айнек өнөр-жай үчүн негизги сырьё болгон кварц кумун казып алуучу жана иштетүүчү ишкана болуп саналат. Заманбап жабдуулар жана техника менен жабдылган материалдык техникалык базасы бар. Ишкананын продукциясын негизинен Майлуу-Суу электр лампа заводу керектейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9