«Кубаттуу топ»

Википедия дан

«Кубаттуу топ» («Могучая кучка») – орус композиторлорунун 19-кылымдын 50-жылдарынын аягы – 70-жылдын ортосундагы чыгармачыл тобу. «Жаңы орус музыка мектеби», «Балакирев ийрими» деген ат менен да белгилүү. «Кубаттуу топко» М. А. Балакирев (жетекчиси), А. П. Бородин, Ц. А. Кюи, М. П. Мусоргский, Н. А. Римский-Корсаков кирген. «Кубаттуу топтун» мүчөлөрү элдик ырларды жогору баалап, турмуштук, жомоктук жана эпостук принциптери орус музыкасынын андар ары өнүгүшүнө жана улуттук мектептердин калыптанышына таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]