«Кызыл-Кыя көмүр»

Википедия дан

«Кызыл-Кыя көмүр» — акционердик коом (1996). 1891-ж. Кызыл-Кыяда алгачкы шахталар пайда болгон. Аларда 800гө жакын жумушчу иштеген. Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки алгачкы беш жылдыктардын ичинде Кыргызстандын шахталары жайгашкан райондор таанылгыстай өзгөргөн. Майда шахталардын ордуна жаңы техникалар менен жабдылган кубаттуу мамлекеттик ишканалар салынган. Алгачкы миллион т көмүр 1972-ж. казылып алынган. 1973-85-ж. жыл сайын миллиондон ашык т көмүр казылып алынып турган. Республикада эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык шахта башкармалыктары менчиктештирүүнүн PESAC программасына кирген. Бул программага ылайык 1995-ж. «Кызыл-Кыя» шахта башкармалыгы кирешесиз ишкана катары жоюлуп, анын базасында «Кызыл-Кыя көмүр» МАК, 1996-ж. «Кызыл-Кыя көмүр» Ак түзүлгөн. Коомдун негизги продукциясына көмүр, гипс ташы, глиеж, гумин, гипс күкүмү, каолин чопосу кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]