«Кыз мактым»

Википедия дан

«Кыз мактым» — түштүк кыргыздарда тараган лирикалык дастан. Негизги темасы — эл-журтту калмактардын кысымынан бошотуу. Дастандын окуялары ойрот калмактарынын кыргыздарды эзип турган мезгилине (16—17-к.) туура КЫЗ ОЮН 683 келет. Поэманын үч варианты тең КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Алардын сюжеттик өзөгү, образ системасы бири биринен анча айырмаланбайт. Баш каармандары — Мактым менен Бегарстан Тайчы. Калмактарга каршы күрөштө Мактымды Бегарстан Тайчы туткунга алып, ага үйлөнөт. Кордолгон Мактым түн жамынып качат. Куугунчуларды айлаамал менен жолдо өлтүрөт. Бегарстан Тайчы да Мактымдын колунан каза болот. Мактым элине келип, сүйгөнүнө жетет. «Бегарстан Тайчы» аттуу комуз күүсү да дастандын ушул окуясынан улам чыгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]