«Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер»

Википедия дан

«Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер» — белгилүү этнолог, түрколог С. М. Абрамзондун эмгеги; автордун 1970-жылга чейин жарык көргөн эмгектеринин жыйындысы. Китеп кыргыз тилине которулуп (которгондор — С. Мамбеталиев, Д. Сулайманкулов, С. Макенов), «Кыргыз Республикасында гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү» программасынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги менен бирдикте «Кыргызстан — Сорос» фонду тарабынан 1999-жылы жарыкка чыккан. Эмгекте кыргыз элинин этностук тарыхынын, турмуш-тиричилигинин жана маданиятынын ар түрдүү жагдайларына таандык этнографиялык, тарыхый маалыматтарды талдоонун жана корутундулоонун негизинде кыргыздардын этностук жана маданий турпатынын кандай жол менен калыптанганы баяндалып, алардын Орто Азия, Түштүк Сибирь жана Борбордук Азия элдери менен болгон этногенездик, тарыхый-маданий байланыштары изилденген. Эмгек 2 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө негизинен кыргыздар жөнүндө тарыхый маалыматтар, алардын этноген. жана тарыхый-маданий байланыштары, кыргыз элинин этностук тарыхынын маселелери, негизги кесиптери, материалдык маданияты жана искусствосу, коомдук жана үй-бүлөлүк турмушу, оозеки поэтикалык чыгармачылыгы изилденген; экинчи бөлүгү кыргыздардын каада-салты, этнографиялык маалыматтардагы этногенез маселелери, этностук курамы, этностук тарыхын үйрөнүүдө элдик уламыштардын мааниси тууралуу изилдөөлөргө арналган. Эмгек кыргыз элинин 20-кылымдын ортосуна чейинки каада-салт, үрп-адат, маданиятын окуп-үйрөнүүдө баалуу эмгектердин бири болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]