«Кыял»

Википедия дан

«Кыял» — кыргыздын улуттук буюмдарын чыгаруучу көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси. Бирикме 1969-жылы Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында уюшулган. Анын көптөгөн цехтеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги, Герби жана башка атрибуттары, улут оймо-чиймеси бар түрдүү буюмдар, боз үй, комуз жана башка улуттук музыкалык эл аспаптары, шахмат, дойбу, калпактар, чепкендер, аялдын асем жасалмасы (сөйкө, тумар, билерик, шакек жана башкалар), чекме сүрөт, булгаары буюм (капчык, намыян жана башкалар), мүйүз буюм, жоолук, шырдак, шалча сыяктуу көп сандаган эмерек жасалат. Бул өндүрүштүк бирикменин улуттук колоритке бөлөнгөн буюмдарын алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө жакшы билишет. Бул аталыш кыргыз оюуларынын атынан алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]