«Күлгаакы»

Википедия дан

«Күлгаакы» — кыргыз эл дастаны. Негизги темасы — ата журтту коргоо, идеясы — калк достугун бекемдөө. Дастандагы окуялар кыргыз эли менен калмактардын ортосунда 16—18-кылымда болгон кагылышты чагылдырат. «Кнын» качан пайда болгону жөнүндө так маалымат жок. Дастандын жаралышына Күлгаакы жөнүндөгү уламыш, санжыралар негиз болгон. Дастандын баш каарманы Күлгаакы — калмак ханынын кыргыз аялдан төрөлгөн кызы. Ал 14 жашында эле калкка кайрымдуу, адилет эл башкаруучу болгон. Күлгаакы кыргыз жигит Гүлжигитке турмушка чыгып, калмак менен кыргызды достоштурган. Дастандагы Догон, Долухан, Таргын — терс кейипкерлер. Алар кол курап келип, Күлгаакы менен Гүлжигитти өлтүрөт. Бирок дастанда адилеттүүлүк, акыйкат жеңип, окуя калмактардын кыргыз жергесинен куулушу менен аяктайт. Дастан Орозбай Урманбетовдун варианты боюнча басмадан чыгып (1969), окурмандарга тартууланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]