«Лайли-Мажнун» дастаны

Википедия дан

«Лайли-Мажнун» дастаны – Азия элдеринин орто кылымдагы адабий эстелиги жана фольклордук дастаны . Анын негизин жаш акындын кайгылуу сүйүүсү жөнүндөгү байыркы араб легендалары түзөт. Уламышка караганда, 7-кылымдын аягында көчмөн араб уруусунун акыны Кайс ибн Мунада Лайли деген кызга ашык болуп, ошондон улам Мажнун (санаага алдырган) атка конот. Бирок Лайлини атасы бай күйөөгө бергендиктен, Кайс талаа кезип, тентип кетет, муңдуу махабатын ырга айландырат. Кийинчерээк бул уламыш Низами Гянжевинин, А. Навоинин аты уйкаш дастандарынын жаралышына негиз болгон. « Лайли- Мажнунду» биринчи жолу Низами Гянжеви 1188-ж. иштеп чыккан. А. Навоинин «Лайли- Мажнуну» кыргызчага которулган (1948).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7