«Маадай Кара»

Википедия дан

«Маадай Кара» – алтай элдеринин баатырдык эпосу. Алтайдагы эң чоң жана кеңири тараган ыр түрүндөгү жомоктордун бири. Анда элин жоодон коргогон Маадай Кара баатырдын жерине кан ичкич каардуу дөө Кара-Кула кол салып, эли-жерин басып алат, талап-тоноп, Маадай Караны баш кылып, далай баатырларын туткундап айдап кетет. Арадан жылдар өтүп, Маадай Каранын Алтай тоолоруна жашынып калган Көгүдей-Мерген деген баласы өсүп жетилет. Ал дөөдөн өч алууну көздөйт. Бирок Кара-Куланы жеңиш оңой эмес болчу. Анын жаны Үч-Аркар жылдызынын биринде болот. Көгүдей-Мерген акылмандан кеңеш сурап, Үч-Аркар аз эле убакытка жерге түшкөндө, анын бирин жебе менен атып, алтын кутудагы Кара-Куланын жана анын минген атынын жаны болгон бөдөнөнүн эки балапанын өлтүрөт. Ошентип, Көгүдей-Мерген Кара-Куланы жеңип, туткундагы элин эркиндикке чыгарат. Бул жомок белгилүү алтайлык жомокчу-айтуучу (кайчи) А.Г. Калкинден жазылып алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]