«Манас» трилогиясындагы эпикалык окуялардын сүрөттөлүш өзгөчөлүктөрү»

Википедия дан

«Манас» трилогиясындагы эпикалык окуялардын сүрөттөлүш өзгөчөлүктөрү»О. Соороновдун монографиясы (Фр., 1981). Эмгекте Тоголок Молдодон жазылып алынган «Манастын» варианты иликтөөгө алынат. «Сөз башында» автор Тоголок Молдонун жалпы чыгармачылыгына мүнөздөмө берип, белгилүү жомокчулардын ичинен вариантын өз колу менен жазып калтырган биринчи манасчы экендигин көрсөтөт. Тоголок Молдонун кыргыз элинин классик акыны болуу менен бирге эпостун үч бөлүмүн тең айта билгендигин, вариантынын жогорку көркөмдүгүн белгилеп, аны чоң манасчылардын тобуна кошот. Китептин «Манас» бөлүмүндө Тоголок Молдонун варианты Сагымбай менен Саякбайдын варианттарына салыштырылат. Варианттын айрым мотивдери Сагымбайдын вариантына кыйла жакындыгы белгиленет. Ошондой эле автор Тоголок Молдонун «Семетей» бөлүмүн да кеңири талдоого алат. Жыйынтыктоочу бөлүгүндө «Сейтек» эпосуна кайрылып, эпоско байланыштуу айрым маселелер боюнча учкай кеп козгоп, анын айрым варианттары туурасында өз алдынча ой жүгүртөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4