«Манасты» которуу

Википедия дан

«Манасты» которуу — «Манас» эпосун таанытуу жана пропагандалоо үчүн башка элдердин тилине которуу. Кыргыз элинин эпосторунун ичинен эң биринчи жазылып алынганы да, башка элдердин тилине эң алгач которулганы да «Манас» эпосу. Эпосту башка тилдерге которуу маселелерине байланыштуу илимий пикирлерди айтууну белгилүү окумуштуу, котормочу Е. Д. Поливанов баштап, омоктуу бир топ ойлорун айткан.

«Манас» эпосунун башка тилдерде алгач баяндалышы «Мажму ат-таварихке» байланыштуу. Ушул чыгармада эпостун айрым окуялары тажик тилинде берилген. «Манасты» жыйноо, жарыялоо иши сыяктуу эле, «М». к. да Ч. Ч. Валиханов менен В. В. Радловдон башталат. Эпостун В. Радлов жазып алган тексти өзүнүн котормосунда немисче 1885-ж. Лейпцигде жарык көргөн. 1856-ж. жазып алган «Көкөтөйдүн ашын» Ч. Валиханов 1904-ж. кара сөз түрүндө которуп, «Жунгария очерктеринде» жарыялаган. 1911-ж. Д. Алмаши «Манастын уулу Семетей менен коштошкону» деген чыккан текстти Будапештте кыргызча-немисче жарыялаган. «Манасты» орус тилине которуу ишине 1930-жылдары көңүл бурула баштаган. Кыргыз АССР ЭКСтин 1935-ж. февралдагы токтомунда «Манас» эпосун кыргызча, орусча басып чыгаруу иши каралган. 1935—45-жылдары республикалык, союздук, ошондой эле башка республикалардын газета-журналдарына Е. Д. Поливанов, С. Клычков, М. Тарловский, С. Липкин, Ф. Ощакевич, Э. Беккер жана башкалардын котормосунда эпостун көптөгөн үзүндүлөрү жарыяланган. 1936-ж. С. Клычковдун котормосунда «Алмамбет и Алтынай», эпостун үзүндүлөрү 1941-ж. («Манас»), 1961-ж. («Манас») өзүнчө китеп болуп жарыкка чыккан. Ал эми 1946-ж. Москвадан ««Манас» киргизский эпос» («Великий поход») китебинин чыгышы республиканын маданий турмушундагы маанилүү окуя болгон (С. Липкин, Л. Пеньковский, М. Тарловский которгон). 1937-ж. Парижде чыгуучу «Еurope» журналына жарыялаган «Чоң казаттан» үзүндүнү француз тилине Б. Болиславская менен Ролан Мальро которгон. 1942-ж. Куандык Жеминин котормосунда Алматыда «Алгачкы айкаш» казакча чыккан. Эпостун айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 1940-жылдардын аягы ченде М. к. жана жарыялоо иши дымый түшкөн. Курама варианттын төрт томдугунун жарык көрүшү менен эпосту башка тилдерге которууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Эпостун Курама варианты боюнча төрт томдугу тең казакчага которулуп, жарыкка чыккан (1—2-китеби —1962, 3—4-китеби —1963, Алматы). Ч. Валиханов жазып алган «Көкөтөйдүн ашын» А. Маргулан казакча которуп, жарыяланган (1973). Курама вариантынын негизинде эпостун котормосунун өзбекче эки китеби чыккан (1 —1964, Миртемир которгон; 2 —1987, Султан Акбари Которгон; Ташкен). Тажикче Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Атхам Асламдын котормосунда жарык көргөн (1982, Дүйшөмбү). Ал эми «СССР элдеринин эпосу» сериясынан Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча «Манас» эпосунун төрт томдугунун кыргыз-орус тилдеринде чыга башташы «М» к-дагы зор маанилүү окуя болду.

Эпосту чет тилдерге которуу иши да жанданууда. 1977-ж. А. Т. Хатто Ч. Валиханов жазып алган «Көкөтөйдүн ашын» кыргызча (латын ариби менен) жана англисче Англияда бастырып чыгарган. 1988-ж. Улан-Батордо эпос В. Энэбиштин котормосунда эпос моңгол тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан. Чет өлкөлүк окумуштуулар, котормочулар «Манас» эпосуна көбүрөөк кызыгып, аны которууга ынтызарланып жатышат. Мисалы, Венгриялык түрколог Иштван Коңур Мандоки эпосту венгер тилине которуунун үстүндө иштеп жатат. Ошондой эле эпостун которулган үзүндүлөрү ар кандай газета-журналдарга, альманахтарга басылууда. Мисалы, Шинжаң Уйгур автоном областында (КЭР) уйгурча чыгуучу журналдарга Сыдык Аблимиттин котормосунда «Манас», «Семетейден» үзүндүлөр жарыяланган.

С. Мусаевдин «Эпос Манас» деген монографиясы орус, немис, англис тилдеринде бир китеп болуп жарык көргөн (Фр., 1986).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4