«Монументалдык пропаганда»

Википедия дан

«Монументалдык пропаганда» – Октябрь Социалисттик революциясы жеңгенден кийин В. И. Лениндин колдоосу менен монумент өнөрүн өнүктүрүү боюнча Совет өкмөтүнүн иш-чаралары. 1918-жылы 14-апрелде жарыяланган Совнаркомдун «Падышалар менен анын кызматчыларынын урматына орнотулган эстеликтерди алып салуу жана Россия Социалисттик революция эстеликтеринин долбоорун иштеп чыгуу боюнча» декрети «Монументалдык пропаганданын» башаты болгон. Декретте тарыхый жана көркөмдүк мааниси болбогон эстеликтерди алып таштоо, алардын ордуна революциянын гуманисттик маңызына туура келген чыгармаларды жаратуу көрсөтүлгөн. 1918-20-жылдары Москва менен Петроградда революция ишмерлерине, окумуштууларга, жазуучуларга ондогон эстеликтер ачылган. Бирок бул эстеликтер убактылуу материалдан жасалгандыктан, алардын бир азы гана сакталып калган. «Монументалдык пропаганда» жетекчиликке алган идеялар бир эле өз мезгили үчүн маанилүү болбостон, жалпы көркөм искусстводогу башкы багыт болуп, анын негизги өзөгүн түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]