«Нибелунгдар жөнүндө ыр»

Википедия дан

«Нибелунгдар жөнүндө ыр» – немис элинин баатырдык эпосу. 1200-жылыжазылып, 1757-жылы И. Я. Бодлер китеп кылып жарыялаган. 16 ыр циклинен турат. Эпосто хунндар мененбургунддарды («нибелунгдар») ортосундагы согуш, хунндардын мамлекетинин талкаланышы (436-жылычен) жөнүндөтарыхый уламыштар, феодализм доорундагы монарх сарайынын жанарыцарлардын турмушу, Зигфрид баатырдын эрдиктери жанаөлүмү, анын аялы Кримхильданын өч алышы чагылдырылган. «Аттила» дастанынын негизинде кыпчак акындары жазган деген божомолдор бар. «Нибелунгдар жөнүндө ырдын» мифологиялык концепциясынын негизинде немис композитору Р. Вагнер «Нибелунг шакеги» деген опера тетралогиясын жазган. Эпостун мазмунуна Г. Ибсен жана башка калемгерлер кайрылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]