«Ормон опуза»

Википедия дан

«Ормон опуза» – Ормон хандын кыйын кырдаалдардан чыгуу, душманга сыр алдырбай алардын үшүн алуу, коркутуу үчүн колдонгон айла-амалы, аскердик тактикасы. Жаңы түптөлүп жаткан кыргыз мамлекетинин борбордук бийлиги алсыз болгондугуна байланыштуу, Ормон хан «Ормон опузаны» көбүнчө кооптуу учурда же согушта пайдаланган. 1847-ж. Кенесары хан кыргыздарга кол салганда (к. Кенесары хандын чапкыны) Ормон жигиттерине мындай буйрук берет: адыр аралай, кыр ылдый өйдө-төмөн чычырканак сүйрөткүлө, уюлгуган коюу чаң чыгып, жоо түмөндөгөн кол топтогондой түшүнсүн. Кыр-кырларга түнкүсүн алоолонто от жаккыла, казактар жер жайнаган аскер келип калгандай корксун. Ормон хан жасаган мындай айлаамалдар кыргыз жергесин кошуна өлкөлөрдөн коргоодо түрткү берген. Ошондой эле төөлөргө жыгач комдотуп, үстүнө килем жаап жетелетип, Ормондун жоо-жарагы дедиртип, душмандарынын үшүн алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]