«Орус окумуштуулары «Манас» эпосу жөнүндө»

Википедия дан

«Орус окумуштуулары «Манас» эпосу жөнүндө» — манас-таануучу Муңдук Мамыровдун эмгеги (Фр., 1964). 42 бет. Китеп «Манас» эпосун биринчи жыйноочулар жана изилдөөчүлөр, «Манас» эпосунун советтик мезгилде изилдениши деген эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм эпосту эң алгач изилдеген окумуштуулар Ч. Валиханов, В. В. Радловдун «Манас» жөнүндөгү жазгандарына арналган.

«Манас» эпосунун советтик мезгилде изилдениши деген экинчи бөлүм түрколог П. А. Фалевдин 1922-ж. «Наука и просвещение» журналына жарыяланган «Кара кыргыздардын жомоктору кандай түзүлөт» деген макаласы жөнүндө учкай сөз кылуу менен башталат да, бул бөлүмдүн басымдуу бөлүгү М. О. Ауэзовдун «Манас» жөнүндөгү изилдөөлөрүнө арналган.

Китептин соңунда С. М. Абрамзон, В. М. Жирмунский, А. Бернштам, Б. М. Юнусалиев, П. Н. Берковдун «Манас» эпосун окуп үйрөнүүгө арналган эмгектерине аннотациялык маанайдагы мүнөздөмөлөр берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4