«Рамаяна»

Википедия дан

«Рамаяна» – санскрит тилиндеги байыркы индиялык эпикалык поэма. Аны легендарлык акын Вальмики жазган деп эсептелет. Болжол менен Биздин заманга чейинки 4-кылымда Чыгыш Индияда пайда болгон. Поэманын азыркы турпаты 2-кылымга жакын калыптанып, Раманын эрдигине арналган. Поэманын негизинде тарыхый окуялар – арийлердин Түштү Индияга алгач оошу, жергиликтүү уруулар менен болгон кагылыштар жатат деген божомол бар. Поэмада окуялар баш каарман Раманын эрдиктерин сүрөттөө менен өнүктүрүлөт. Мифтер менен уламыштардын фантастикалык мотивдери поэма жаралган доордогу реалдуу белгилер менен жуурулушуп, инди элинин коомдук жана маданий турмушунун гүлдөгөн мезгили чагылдырылат. Индиянын жана анын айланасындагы өлкөлөрдүн көпчүлүк адабий чыгармаларынын сюжеттери менен образдарына таасир этип, көптөгөн чыгыш элдеринин көркөм адабиятына негиз болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]