«Роланд жөнүндө ыр»

Википедия дан

«Роланд жөнүндө ыр» («Chanson de Roland») – орто кылымдагы француз эпикалык поэмасы («Оксфорд көчүрмөсү» деп аталган, 1170-ж. чен). Анын тарыхый негизин Роланд башчылык кылган Улуу Карлдын жортуулдары, 1778-ж. Испаниядан чегинип келе жатып Пиренейде басктар тарабынан талкаланышы жөнүндөгү окуялар түзөт. Поэмада христиан басктар мусулман маврлар менен алмашылып, 10–12- кылымдардагы окуя катары сүрөттөлүп калган. Поэманын каарманы - патриоттук жана рыцарлыктын үлгүсүн көрсөткөн адам. Поэмага патриотизм идеясы, образдардын монументтүүлүгү мүнөздүү. «Роланд жөнүндө ыр» биринчи жолу 1837-ж. Парижде басылган. Айрым италян акындары тарабынан Кайра жаралуу доорунун гумандуулук идеяларынын духунда кайра иштелип чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]