«Русская душа»

Википедия дан

«Русская душа» - элдик хор коллективи. В. И. Ленин атындагы өнөр-жай шаймандарын чыгаруучу заводдун алдында 1953-ж. уюшулган. Биринчи жетекчиси – С. Р. Файнштейн. Совет доорунан кийин В. Г. Карижский менен концертмейстер В. М. Денисенко хор коллективин сактап калышкан. Көптөгөн республикалык конкурстардын жана фестивалдардын лауреаты. Хордун репертуарында орус, кыргыз эл ырлары жана Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү ырлар, ошондой эле кыргыз жана орус композиторлорунун чыгармалары бар. 1995-ж. элдик капелла, 2002-ж. элдик хор наамы ыйгарылган. 2005-жылдан В. Карижскийдин ысмын алып жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]